АЛЬТИМЕТР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:52, 26 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЬТИМЕТР (лат. altum – бийиктик жана ...метр), б и й и к т и к ө л ч ө г ү ч – учуучу аппараттын учуу бийиктигин өлчөөчү прибор. Б а р о м е т р д и к альтиметрде абанын атмосфералык басымынын бийиктикке көз карандылыгы (бийиктик өскөн сайын басым азаят) пайдаланылат. Басым абасы сордуруп чыгарылган мембраналуу металл камеранын жардамында өлчөнөт. Буга окшогон камералар барометрде коюлган. Ченелген маанилер кийин бийиктиктин маанисине өзгөртүлөт. Альтиметрди тууралоо (настройка) үчүн басымдын деңиз деңгээлине көз карандылыгын жанa температуранын өзгөрүшүн эске алуу керек; р а д и о б и й и к т и к ө л ч ө г ү ч альтиметр радиосигналды тик багыт боюнча төмөн көздөй берүү жанa Жерден берилген жанa чагылдырылган сигналдын фазаларын салыштыруу менен бийиктикти: деңиз деңгээлинен болгон бийиктикти эмес, жер бетине чейинки аралыкты өлчөйт.