АЛЬТАМИРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЬТАМИРА – жогорку палеолит дооруна (б. з. ч. 17–14-миң жылдык) таандык үңкүр. Испаниянын түндүгүндөгү Сантандер шаарына жакын жерде жайгашкан. 1876–79-жылдарда испан археологу ― Марселико Санс де Саутуолой ачкан жана изилдеген. Үңкүрдүн боорунда боёк менен тартылган жанаа ташка чегилген бизондун, аттын ж. б. айбанаттардын сүрөттөрү, ошондой эле таш куралдары табылган.

Файл:АЛЬТАМИРА – 26.png

Үңкүрдөгү тартылган сүрөттөрдө айбанаттардын түзүлүшү, кыймыл-аракеттери чебер келтирилип, алгачкы коомдук маданияттан маалымат берет. Альтамира– бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесинине киргизилген археологиялык эстеликтердин бири.