АЛЬТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:29, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЬТ (нем. alt, итал. alto, лат. altus – бийик) – 1) тенор менен сопранонун ортосундагы партия (үн). Алгачкы көп үндүүлүктө (12–14-кылымдарда) эркектердин бийик үнү (аталышы ошондон), к. Контратенор. 2) Аялдардын же балдардын коңур үнү, ошондой эле алар хордо же вокалдык ансамблде, кээде жеке аткаруучу партия, к. Контральто. 3) Скрипка тобундагы орточо үндүү кылдуу тартма аспап. Сырткы көрүнүшү скрипкага окшош, өлчөмү чоң. Корпусунун узундугу 38–48 см. 16-кылымдын башында пайда болгон. Симфониялык оркестрде ойнолот. 4) Саксгорндар тобундагы жез үйлөмө аспап. Азыркы үйлөмө оркестрде колдонулат. Бюгельгорндор (Альт, же альт-горн), саксофондор (альт-саксофон), гобойлор (альт гобою же англия рожогу), кларнеттер (бассетгорн), флейталар (альт флейтасы) ж. б. тобундагы альт түрлөрү кезигет.