АЛЬП АЛКАГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:16, 25 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЛЬП АЛКАГЫ негизинен мелүүн ж-а субтропик кеңдиктеринде жайгашкан тоолордогу  табигый бийиктик тилкеси. Анда альп өсумдуктөру басымдуу. А. а-нын бийиктик абалы геогр.
кеңдикке, тоо капталдарынын нымдуулугуна ж-а экспозициясына жараша болот. Субальп алкагынан жогору жайгашып, бийиктеген сайын
тоолордо нивалдык алкакка өтөт. А. а. Альп
ж-а Батыш Кавказ тоолорунда 2200–3000 м,
Теңир-Тоодо 3000–3500 м, Гималайдын түш. Кап-
талында 3600-5000 м бийиктикте жатат. Жайыт катары пайдаланылат.