АЛЬМЕЕВ Ирик Абдуллаевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:29, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЬМЕЕВ Ирик Абдуллаевич (1937-жылы туулган, Өзбекстан, Сурхан-Дарыя областы, Термез шаары) – зоотехник, айыл чарба илимдеринин доктору (2001). КРдин айыл чарбага эмгек сиңирген кызматкери (1999). КАЧИни бүтүргөн (1961). Зоотехник-селекционер, совхоздун башкы зоотехниги болуп иштеген. 1979-жылдан эчкилерди өстүрүү жана селекциясы боюнча Кыргыз мал чарба ИИИде лаборатория башчысы. Генетика, селекция жана малды көбөйтүү боюнча адис. Анын 100дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 1 монографиясы бар.

Эмг.; Кыргызстандын тыбыттуу эчкилери. Ф., 1986; Выведение и совершенствование кыргызской пуховой породы коз, Б., 2000.