АЛЬБИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:58, 4 Май (Бугу) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 (лат. albus – ак) – плагиоклаздар тобундагы минерал. Хим. формуласы Na(AlSi30e).

Триклин сингониясында кристаллданат. Өңү ак келип, ага ар кандай түстөр кошумчаланып турат. Айнектей жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 6-6,5, тыгыздыгы 2600-2650 кг/мз.
С. салм. 2,62-2,65. А. кычкыл жегичтүү тоотектерди ж-a пегматиттерди түзүүчү минерал. Таза А. карала иштетүүчү ишканаларда, фарфор ж-a фаянс буюмдарын жасоодо колдонулат.