АЛЬБАТРОСТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЬБАТРОСТОР (Diomedeidae) – куштардын бороончу сымалдар түркүмүнүн тукуму. Узундугу 85-140 см. Канаттары ичке, учтуу, жазганда 3,6 мге, айрымдарыныкы 4,25 мге чейин жетет. Суу

Файл:АЛЬБАТРОСТОР 21.png

толкунунун жардамы менен же жээктеги жардан абага көтөрүлөт. Каалгып учууга жөндөмдүү. Түштүк жарым шар деңиздеринде, Тынч океандын түндүгүндө 2 уруусу, 13 түрү кездешет. Көпчүлүк учурда топтошуп, океан аралдарында колониялуу уялашат. Көбүнчө түнкүсүн деңиздеги балык, моллюска менен азыктанышат. Көп түрү кеме артынан учуп, андан түшкөн калдыктар же таштандыларды жешет . Кеч (5-10 жашында) көбөйөт, 1 жумуртка тууйт. Акжон альбатрос – ЖКЭСтин Кызыл китебине киргизилген.