АЛЬБАТРОСТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЬБАТРОСТОР (Diomedeidae) – куштардын бороончу сымалдар түркүмүнүн тукуму. Уз. 85-140 см. Канаттары ичке, учтуу, жазганда 3,6 м-ге, айрымдарыныкы 4,25 мге чейин жетет. Суу

Файл:АЛЬБАТРОСТОР 21.png

толкунунун жардамы менен же жээктеги жардан абага көтөрүлөт. Каалгып учууга жөндөмдүү. Түш. жарым шар деңиздеринде, Тынч океандын түндүгүндө 2 уруусу, 13 түрү кездешет. Көпчүлүк учурда топтошуп, океан аралдарында колониялуу уялашат. Көбүнчө түнкүсүн деңиздеги балык, моллюска менен азыктанышат. Көп түрү кеме артынан учуп, андан түшкөн калдыктар же таштандыларды жешет . Кеч (5-10 жашында) көбөйөт, 1 жумуртка тууйт. Акжон альбатрос – ЖКЭСтин Кызыл китебине киргизилген.