АЛЫШ СЫМАП КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:34, 7 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЫШ СЫМАП КЕНИ Баткен обл-нун Кадамжай р-нунда, Үч-Коргон кыш-нан 8 км, Кызыл-Кыя ш-нан 15 км түш.-батышта, Алыш тоосунун түндүгүндө, деңиз деңг. 1200-1500 м бийиктикте жайгашкан. 1962-92-ж. мезгил-мезгили менен издөө жана чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы карбондун карбонат терригендик тектеринен түзүлгөн. Жалгыз минералдуу (киноварь) сымап кенташы акиташ жана аны жаап турган терриген тектеринин кошулган жериндеги жаспероид жана акиташ-жаспероид брекчия тулкуларына топтолгон. Кенташтагы сымаптын орт. өлчөмү 0,24%. Кенташтын С1 категориясы б-ча запасы 92,5 миң т сымаптыкы 222,2 т.