АЛЫМКУЛОВА Анара Абдыкуловна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:45, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЫМКУЛОВА Анара Абдыкуловна (8.03.1971-жылы туулган, Нарын облусу, Тянь-Шань (азыркы Нарын) району, Казан-Куйган айылы) – биология илимдеринин доктору (2020). К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бүтүргөн (1993). Эмгек жолун 1993-жылы КР УИАнын Президиумунун жалпы бөлүмүнүн экспедитору болуп баштаган. Кыргыз Республикасынын УИАнын биология институтунун аспиранты. 2009-жылдан КР УИАнын биология институтунда улук илимий кызматкер. Алымкулова – зоология, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы адис. Анын 89 илимий эмгектери, анын ичинен 5 усулдук сунуш, 6 автордук күбөлүк жана 3 монографиясы жарык көргөн.

Эмг.: Ысык-Көл ойдуңундагы кемирүүчүлөрдүн түрлөрүнүн курамы жана алардын эпизоотологиялык ролу (авторлош). Б., 2020. 132 c. Келгин кемирүүчүлөрдүн түрлөрүнүн Борбор Азиянын экосистемасына таасири (на примере Rattus norvegicus Berkenhout, 1769). 2021. 319 c.