АЛЫМБАЕВА Дамира Бейшекеевна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:13, 1 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЫМБАЕВА Дамира Бейшекеевна (1953-жылы туулган, Тянь-Шань облусу, Нарын шаары) – инфекционист, медицина илимдеринин доктору (1997), профессор (1998). КММИни (1977), СССР МИАнын эксперименттик медицина ИИИнин аспирантурасын бүтүргөн (1984), КММИде клиникалык ординатор. Жугуштуу оорулардын профилактикасы ж-а экологиясы КИИИнин лаборатория башчысы, жетектөөчү илимий кызматкер, кафедрада ассистент. 1998-жылдан КММАнын ж-а КРСУнун профессору. Илимий иштери хирургияда, гематологияда вирустун жугушуна арналган.