АЛЫБАЕВ Эрнис

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:52, 21 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЫБАЕВ Эрнис Урбаевич (1955-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Мундуз кыштагы) – хирург, медицина илимдеринин доктору (2004). КММИни бүтүргөн (1978). КРдин саламаттык сактоо министирлигинин УХБнде бөлүм башчы болуп иштеген. З0дан ашык илимий эмгеги жарык көргөн.