АЛЫБАЕВ Жапар Бузурманкулович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:26, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЫБАЕВ Жапар Бузурманкулович (1963-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Жаңы-Базар кыштагы) – экономика ипимдеринин доктору (2016). 1990-жылы Н. А. Вознесенский атындагы Ленинград финансы-экономикалык институтун бүтүргөн. Эмгек жолун Ж. Баласагын атындагы КМУда окутуучу-стажер болуп баштаган. Кийин ошол эле окуу жайында окутуучу, улук окутуучу, экономика кафедрасынын башчысы болгон. Алыбаев 183 илимий эмгектин, анын ичинен 2 монография, 1 окуу куралынын автору.