АЛЧАЛУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:29, 20 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЧАЛУУ – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Папан айыл аймагына караштуу. Жиптик суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 1440 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Суу шаарынан 85 км түштүк-батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 61 км. Калкы 1589 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, оорукана бар.