АЛЧА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:07, 21 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЧА (Prunus divaricata Ledeb) – роза гүлдүүлөр тукумунун кайналы уруусундагы мөмөлүү дарак; бийиктиги 3-10 м, гүлү ак, мөмөсү тоголок,

сүйрү, өңү сары, кызыл, мала кызыл, кара кочкул, даамы кычкыл, салмагы 15-35 г.

Файл:АЛЧА 11.png

Илдетке туруктуу көчөтү 2-3 жылдан кийин мөмө байлайт. Жапайы жана өстүрүлмө түрү Балкан жарым аралында, Орто жана Кичи Азияда, Иран, Түндүк Кавказ, Украина, Закавказье, Молдавияда кездешет. Кыргызстандын түштүгүндөгү мөмө-жемиш токойлорунда З0дай жапайы түрү өсөт. Кийинки жылдары ири мөмөлүү алча өстүрүлө баштады. Бир түп дарагынан 8-10 кг түшүм алынат. Мөмөсүндө кант, алма жана лимон кислоталары, С витамини болот. Андан компот, кыям, повидло жана башкалар жасалат. Кеңири белгилүү сорттору: Изобильная, Малиновая, Десертная жана башка. Зыянкечтери: кара алтынчык, алма шиш тумшугу жана башка Илдеттери: клястероспориоз, вертицилёз.