АЛТЫСАР УЛУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:41, 21 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛТЫСАР УЛУСУ, Алтын зархы – 17–18-кылымдагы енисейлик кыргыздардын башкаруусундагы аймак. Алтысар улусу Кыргыз жеринин түндүгүндөгү Июс жана Теңир-Көл өрөөндөрүндө жайгашкан. Орус документтеринде алтысарлыктарды (алтынсары) Енисейдин төмөнкү агымында жашаган «төмөнкү кыргыздар», «кичүү кыргыздар» деп аташкан. Монгол жеңип алууларынан баштап, кыргыз жериндеги саясий борбор Абакан өрөөнүнөн түндүккө көчкөн. Ак жана Кара Июс дарыяларынын ортолугундагы жерлерде тектүү кыргыз бектеринин өргөөлөрү жайгашкан. Ошондон улам алтысарлыктар «Чоң кыргыздар» деген экинчи атка да ээ болушкан. Кыргыз улустары Кызыл, Шуй, Камлар, Ачин, Исар жана башка аймактардан турган.
О.Каратаев.