АЛТЫР УЛУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:50, 28 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛТЫР УЛУСУ, Олтыр улусу–17–18-к-дагы енисейлик кыргыздардын башкаруусундагы аймак. Улус Абакандын сол жээгинен, Уйбат жана Таштык д-нын ортосунан орун алып, түштүгүндө Енисейдин жогорку агымындагы аймактарды камтыган. Улустун калкы орус документтеринде «жогорку кыргыздар»,«чоң кыргыздар» деп аталган. А.у-нун чегине Сагай, Четипүүр, Сарыглар, Ичеги, Белтир, Табын, Саян, Чыстар, Иргит, Хахпына ж. б. чөлкөмдөр, кыштым жерлери – Том, Мрассу, Кондом д-нын, Кузнецк Ала-Тоосунун токойлуу-тоолуу өрөөндөрү, Түн. Алтайдан Төлөс (Телец) көлүнө чейинки аймактар кирген.
О. Каратаев.