АЛТЫНДЫН БУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:03, 3 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛТЫНДЫН БУУСУ – керамикалык боёк. Курамынын 10-12%ы «суюк» жана күкүм сымал таза алтындын жана башка баалуу металлдардын (күмүш, платина) кошундусунан турат. Мындай алтын боёк 1825-жылы Массейнде (Германия) ойлонуп табылган. 1927-жылдан Дулевск фарфор заводунда (Россия) фарфор буюмдарына алтын жалатуу иштери жүргүзүлөт.