АЛТЫН экономикада

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:19, 5 Май (Бугу) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 экономикада – бөтөнчө товар.

Ал бир тектүүлүгү, оңой бөлүнүшү, дат баспаганы, урунууга ыңгайлуулугу сыяктуу табигый касиетинен улам жалпы эквиваленттин, б. а. акчанын ролун аткарууга эң оңтойлуу келет. Ал керектөө наркы аркылуу башка бардык товардын наркын ж-а ченин көрсөтө алат. А. тыйын чыгаруу үчүн колдонулат же уюлтулган түрүндө А. запасы катары сакталат. Дүйнөлүк рыноктун пайда болушу А-ды дүйнөлүк акчага айландырды. А. нарк чени катары өз кызматын мамл. банк банкноттору аркылуу аткарат, к. Алтын запасы.