АЛТЫН ЭРЕЖЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:16, 21 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛТЫН ЭРЕЖЕ с т а т и к а д а – жөнөкөй механизмдин (рычаг, жантык тегиздик, чыгырык жана башка) жардамы менен жумуш аткарууда (сүрүлүүнү эсепке албаганда) кыймылдаткыч күчтүн жумушу оордук күчтүн жумушуна барабар болуу закону. Мисалы, рычагдын ийини канча кыска болсо (уттурсак), күч ошончо аз жумшалат (утабыз). Архимед алтын эрежени (рычагды колдонуу эрежеси) биринчилерден болуп ачып, табияттын жалпы закону – энергиянын сакталуу жана бир түрдөн экинчи түргө айлануу законун аныктоого негиз түзгөн.