АЛТЫН ЭРЕЖЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:25, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛТЫН ЭРЕЖЕ статикада – жөнөкөй механизмдин (рычаг, жантык тегиздик, чыгырык ж. б.) жардамы менен жумуш аткарууда (сүрүлүүнү эсепке албаганда) кыймылдаткыч күчтүн жумушу оордук күчтүн жумушуна барабар болуу закону. Мисалы, рычагдын ийини канча кыска болсо (уттурсак), күч ошончо аз жумшалат (утабыз). Архимед алтын эрежени (рычагды колдонуу эрежеси) биринчилерден болуп ачып, табияттын жалпы закону – энергиянын сакталуу жана бир түрдөн экинчи түргө айлануу законун аныктоого негиз түзгөн.