АЛТЫН ЖАЛАТУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:14, 27 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛТЫН ЖАЛАТУУ– арх-ралык фрагменттерди (капитель, консоль ж. б.) же буюмдарды алтындын буусу менен боёо. А. ж. төмөнкү ыкмаларда аткарылат: «муздак» А. ж. (алтын чад бүртүкчөлөрүн сүртүү); алтын амальгамасы (алтын менен сымаптын кошундусу) менен А. ж. (бул жол менен Санкт-Петербургдагы Исаакий соборунун мунарасы капталган); «оттуу» А. ж. – амальгама менен жабылган сүрөттү ысытуу (Суздалдагы Теңир эненин соборунун түш. жана батыш эшиктери кооздолгон); «барактык» А.ж. – алтындын гальваникалык жол менен алынган жука баракчаларын чаптоо.