АЛТЫКЕЕВ Чотур

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 1 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛТЫКЕЕВ Чотур (1905, Чүй облусу, Сокулук району – 1986, ошол эле жерде) – бадачы, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1950). 1933-1965-жылдары Сокулук районундагы Фрунзе атындагы совхоздо музоочу, уйчу ж-а бригадир болуп эмгектенген. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Ал өз карамагындагы 120 инек уйдун кунардуулугун арттырып, бир нече жыл бою ар уйдан 3000 кгдан ашык сүт саап алган. Алатоо уюн чыгарууга катышкан. Ленин ордени м-н сыйланган.