АЛТЫГАНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:16, 1 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЛТЫГАНА, т ө ө к у й р у к (Caragana) – өсүмдүктүн чанактуулар тукумунун уруусу. Бадал, бийикт. 1-2 м, кабыгы боз, сары, күрөң
ж. б. Жалбырагы канат сымал татаал кесил-
Файл:АЛТЫГАНА 5.png

ген, жан жалбырагы, жалбырак сабы тикенге айланган. Гүлү сары же кызгылт, эки жыныстуу, жалгыздан же 2-5 гүлү бар боочону түзөт, мөмөсү – чанак, анын уз. 3-4 см, түктүү же түксүз. Май айынан баштап гүлдөй баштайт. Кургак сайда, шагыл таштуу капчыгайда, өзөн суулардын жээгинде 80дей түрү таралган. Көбүнчө О. Азия, Кытай, Монголия, Жунгария, Кашкарияда кездешет. Кыргызчтандын бардык р-ндорунда 14 түрү таралган.