АЛТЫБАЕВА Дилбара Тойчиевна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:56, 1 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛТЫБАЕВА Дилбара Тойчиевна (1947-жылы туулган, Ош облусу, Ош шаары) – химия илимдеринин доктору (2004). ОШ ПИни бүтүргөн (1970). Эмгек жолун ОшМПИде окутуучу болуп иштеп баштаган. КР УИАда кенже илимий кызматкер; Кыргызстан КПнын Ош обкомунда; ОшМПИде улук окутуучу, доцент; ОшМУда факультеттин деканы, кафедра башчысы. КР билим берүүсүнүн мыктысы, КРдин илим ж-а техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, грамоталар м-н сыйланган. Анын 76 илимий эмгектери, анын ичинде 1 монография, 2 автордук күбөлүк, 3 патент, 3 методикалык күбөлүктөрү жарык көргөн.

Эмг.: Исследование электропроводности конечных продуктов распада комплексных соединений хлоридов марганца (11), кобальта (11), никеля ( (11) гексаметилентетрамином и диметилсульфоксидом// Научный журнал “Вестник Ошского государственного университета”. – Ош, 2012.–Спецвыпуск.– 268-274.