АЛТЫБАЕВ Каныбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:35, 20 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛТЫБАЕВ Каныбек Аманович (15. 7. 1942, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Көдүл айылы – 22. 4. 2005, Бишкек) – генерал-майор (1994). В. И. Ленин атындагы Ташкент командалык жогорку аскер окуу жайын (1966), «Аткычтар» жогорку курсун (1972) бүткөн. Окуу жайын бүткөндөн кийин Түркстан аскер округунда взводдун командири, 1974–1979-жылдары Ош облусунун Майлы-Сай, Ош шаарларында саясий бөлүмдүн начальниги, Ноокат районунун аскер комиссариатында бөлүмдүн начальниги, 1979–1980-жылдары Афганистандын Аскер Күчтөрүнүн техникалык департаментинин саясий бөлүмүнүн начальнигинин кеңешчиси, 1980–1995-жылдары Ош облусунун аскер комиссары, 1996-жылдан укук коргоо органдарынын жана күч структураларынын ишин координациялоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.