АЛТАЙ КОРУГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:23, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛТАЙ КОРУГУ – Алтай Республикасындагы мамлекеттик табият паркы. Аянты 8,8 миң км2. Чулышман

дарыясынын оң жээгинде, Төлөс көлүнөн чыгыш тарапта деңиз деңгээлинен 1000–1200 м бийиктикте, эң бийик жери 3000 мден ашык. Түштүк Сибирдин тайгасын жана бийик тоо тундрасын коргоо максатында 1932-жылы уюшулган. Коруктун аймагынын 20%тейин аска-зоокалар, корум-шагыл-таштар, 45%тен ашык аянтын токой ээлейт. Токоюнда көк карагай, бал карагай, кара карагай, кызыл карагай үстөмдүк кылат. Бийиктик алкактуулугунда талаа, субальп жана альп шалбаасы, тоо тундра зоналары өзгөчөлөнүп турат. Марал, багыш, тоо эчки, кабарга, кундуз (киш), күрөң аюу, сейрек кездешүүчүлөрдөн илбирс (Россия Федерациясынын Кызыл китебине кирген) мекендейт. Алтай коругу Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине катталган.