АЛТАЙ Айдарбек уулу

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:29, 20 Март (Жалган куран) 2024 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛТАЙ Айдарбек уулу (1872-жыл, Нарын өрөөнү - каза болгондугу жөнүндө белгисиз) – төкмө акын. Элдик ыр казынасын мыкты билген. Фольклор жыйноочу К. Мифтаков 1922-жылы Алтай Айдарбек уулуна жолугуп, «Замана», «Санат» ырларын, жарамазандарын, «Асан Кайгынын батасын», «Калмырза менен Найманбайдын», «Найманбай менен Бекназардын айтыштарын» Кайып-Булак деген жерден өз оозунан жазып алган. Ал Калыгулдан келаткан «Замана» тематикасына кайрылган. К. Мифтаков Алтайдын чыгармачылык ажары ачылып турган 50 жаш курагында жолукканы менен, анын билгендеринин баарын жазып алууга үлгүрбөгөн. Анын мурастарынын негизги бөлүгүн жарамазандар түзөт. Диний ырым-жырымдар «Ак үйлүү бай», «Доом бар», «Азирейил», «Дүнүйө», «Мукамбет»,«Жарамазан», «Орозо», «Чатыр-мутур», «Бата» жана башка чыгармаларында кеңири чагылдырылган.