АЛМУРУТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:30, 6 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 (Руrus) ‒ өсүмдүктөрдүн роза гүлдүүлөр тукумундагы мөмөлүү дарак. А-тун 60ка жакын түрү бар. Кырг-нда (негизинен Арстанбапта) 18 түрү кезигет. А. жапайы ж-а өстүрүлмө болуп бөлүнөт. Жапайысы Түш. Европа, Кавказ, О. Азия, Ы. Чыгыш, Кытайда; бизде Ош обл-нда, Талас,
Файл:АЛМУРУТ92.png

Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрү ж.б. жерлерде өсөт. Жапайы түрүнө караганда анын өстүрүлмө түрүнүн мөмөсү чоӊ, жумшак, ширелүү. Бийикт. 4‒20 мге жетет. Гүлү ак же мала кызыл. Мөмөсү сүйрү же тоголок, ширелүү, жашыл, кызгылт, сары түстө, салм. 800 гга чейин жетет. Жалбырагы сүйрү, тамыры түз, жерге тереӊ кирет. Мөмөсүндө суу, кант, к-та, боёк заттар, клетчатка, азот ж-а А, Б, С витаминдери бар. Андан кыям, компот, повидло ж. б. жасалат. А. жылуу, ачык жерде жакшы өсүп, кургакчылыкка, суукка байымсыз. Көчөтүнөн өстүрүлөт. Кырг-нда А-тун токой мөлмөлү, клапп сонуну, Вильямс ж. б. сорту өстүрүлөт. Зыянкечтери: А. кенеси, А. канталасы, А. мөмө жегичи; илдеттери: А. котуру, чаӊгыл кебер, цитоспороз .
Ад.: Гареев Э. З. Основы плодоводства Киргизстана. Ф., 1971; Колесников В. В. Яблоня и груша. 2 изд. доп. и перераб., М., 1985.