АЛМЕЙДА (Almeida) Франсишку

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:16, 11 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛМЕЙДА (1450–1.3 1510) – португалиялык деңиз сүзүүчү. Флотчу жана Батыш Индияны жеңип алуучу. Индиядагы 1505–09-жылдарда алгачкы португалиялык вице-король. Алмейданын резиденциясы Кочиндеги португалиялык сепил болгон. Каннапурага жана Анджадива аралында форт курган. Ал 1509-жылы Диу аралында египеттик султандын флотун (Индия океанынын акваториясында португалиялыктарды кууп чыгуу үчүн) талкалаган. Мадагаскар, Цейлон жана Мальдив аралдарындагы экспедицияны жабдып турган. Илгери Үмүт тумшугуна жакын жерде Португалияга бараткан жеринде африкалыктар тарабынан өлтүрүлгөн.