АЛМЕЙДА (Almeida) Франсишку

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:31, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(1450–1.3 1510) – португалиялык деңиз сүзүүчү. Флотчу ж-а Батыш Индияны жеңип алуучу. Индиядагы 1505–09-ж. алгачкы португалиялык вице-король. А-нын резиденциясы Кочиндеги португалиялык сепил болгон.  Каннапурага ж-а Анджадива а-нда форт курган. Ал 1509-ж. Диу а-нда  египеттик султандын флотун (Индия океанынын акваториясында португалиялыктарды кууп чыгуу үчүн) талкалаган.  Мадагаскар, Цейлон ж-а Мальдив а-ндагы экспедицияны жабдып турган. Илгери Үмүт тумшугуна жакын жерде Португалияга бараткан жеринде  африкалыктар тарабынан өлтүрүлгөн.