АЛМАШУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:30, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

(альтернация) ‒ белгилүү бир синтагматикалык же парадигматикалык шарттарда тилдик бирдиктердин курамында бири-бирин алмаштырууга жөӊдөмдүү болгон тилдик бир тектүү бирдиктердин парадигматикалык карым-катышы. Алмашылуучу бирдиктер же альтернаттар структуралык жактан конгруэнттүү болушу, б. а. жогорураак деӊгээлдеги структурасында бир эле орунду ээлөөсү зарыл. Ал баарынан мурда, тыбыштарга жана фонемаларга мүнөздүү. А. ар кандай типте жана түрдө болушу ыктымал. Альтернанттардын айырмалоочу белгилерине жараша сандык (созулма же кыскалыгы б-ча) жана сапаттык (пайда болуу орду, жолу ж. б. белгилери б-ча) болуп бөлүнөт. А. шарттарына карай фонетикалык жана фонетикалык эмес болуп бөлүнөт.
С. Мусаев.