АЛМАШТЫРЫЛУУЧУ ФАЙЛ,СВОП ФАЙЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
23:50, 26 Февраль (Бирдин айы) 2023 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(Swap file-Файл подкачки, файл свопинга). Windows иштетүү системинде тез эске батпай калган програм жана берилиштердин бөлүгүн сактоодо колдонулган катуу дисктеги жашырылган файл. Алмаштырылуучу файл жана тез эс биригип виртуал эсти түзөт. Зарыл болушуна жараша Windows берилиштерди алмаштырылуучу файлдан тез эске (аларды програмда колдонуу максатында) жана тескерисинче (жаңы берилиштерге орун бошотуу үчүн) которуп турат. Алмаштырылуучу файл ошондой эле виртуал эстин файлы деп аталат.


Файл:АЛМАШТЫРЫЛУУЧУ ФАЙЛ,СВОП ФАЙЛ.jpg