АЛМАЛУУ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:32, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
‒ Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Торкен суусунун сол жээгиндеги 1‒5-к-га таандык эстелик. 1966‒67-ж. Кыргыз ССР ИАнын археол. экспедициясы изилдөөлөрдү жүргүзгөн. 85 казанактан (бардыгы 136 дөбө) бирден үчкө чейин адам сөөктөрү чыккан. Кээ бирлери табытка салынып, бетине алтындалган жука беткеп кийгизилген. Табылгалар дын арасында дан сактоочу зор кумара, жыгач табактар, кылыч, соот, жебе, чынжыр, коӊгуроо, тогоо, мончок, күзгү, асылташ чөгөрүлгөн алтын сөйкө, шакектер бар. Көрүстөндү негизинен Ы. Кожомбердиев изилдеген.