АЛМАЗДУУ ЖОНУУЧУ СТАНОК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:22, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛМАЗДУУ ЖОНУУЧУ СТАНОК‒ алмаздан же катуу болот куймадан жасалган айланма аспаптар менен көзөнөктү жеткире иштетүүчү атайын түзүлмө. Ал тетиктин цилиндр формасындагы сырткы бетин иштетүүгө да ылайыкташтырылат. Тетиктерди массалык түрдө жасоодо көп шпинделдүү станок-жарым автоматтар, аз сериялуу өндүрүштөрдө бир шпинделдүү станок колдонулат. Аны менен иштөөдө өндүрүмдүүлүгү жана иштетилген тетиктин бетинин сапаты жогору болот. Бул станок менен тетикти иштетүүнүн тактыгы 0,5‒1,0 мкмге жетет.