АЛМАЗДУУ ЖОНУУЧУ СТАНОК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:29, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

‒ алмаздан же катуу болот куймадан жасалган айлан ма аспаптар менен көзөнөктү жеткире иштетүүчү атайын түзүлмө. Ал тетиктин цилиндр формасындагы сырткы бетин иштетүүгө да ылайыкташтырылат. Тетиктерди массалык түрдө жасоодо көп шпинделдүү станок-жарым автомат тар, аз сериялуу өндүрүштөрдө бир шпинделдүү станок колдонулат. Аны менен иштөөдө өндүрүмдүүлүгү жана иштетилген тетиктин бетинин сапаты жогору болот. Бул станок менен тетикти иштетүүнүн тактыгы 0,5‒1,0 мкмге жетет.