АЛМА кыштагы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:23, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛМА‒ Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы кыштак. Шайдан айыл аймагынын борбору. Алма каналынын жээгинде. Райондун борбору Масы кыштагынан 6 км түндүк-чыгыш тарапта, Жалал-Абад темир жол бекетинен 46 км аралыкта. Деӊиз деӊгээлинен 780 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2267 (2009). Негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто, негизги, жардамчы мектептер, бала бакча, амбулатория бар.