АЛЛЮЗИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:12, 27 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЛЮЗИЯ (лат. allusio ‒ белги берүү, жаӊсоо) ‒ жалпыга белгилүү өткөн окуялар же фактылар тууралуу белги берүү. Автор учурдагы коомдук-саясий абалга, кырдаалга карата өз оюн тике айтпай же цензурадан жашыруу үчүн өткөн бир окуяларды өз чыгармасында кыстарып кетиши мүмкүн, мына ушул көрүнүш А. же реминисценция кубулушу деп аталат.