АЛЛОНЖ
АЛЛОНЖ (Алонж) (фр. allonge ‒ уланды) ‒ векселге жабыштырылуучу кепилдик жазуу ‒ аваль коюлуучу кошумча барак. Аллонж соода бүтүмдөрүндө көп колдон өтөт, ошондуктан вескелдин артында бардык индоссанттардын аттарын жазууга орун калбай калышы мүмкүн. Бул учурда векселге бир тилке кагаз жабыштырылып, ал А. деп аталат. Учурда веселдик жүгүртүү муктаждыгы азайгандыктан А. көп колдонулбайт.