АЛЛИЛ СПИРТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:30, 1 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЛИЛ СПИРТИ, CH2=CH‒CH2OH ‒ каныкпаган эӊ жөнөкөй спирт, мол. салмагы 48,08, кескин жыттуу, түссүз суюктук, кайноо t 96,9°C. Суу, спирт, эфир м-н бардык көлөмдө аралашат. Спирт тобуна ж-а кош байланыштуу этиленге мүнөздүү реакцияларга кирет. А. с. глицеринди суусуз козу кулак к-тасы м-н кошуп, 150°C чейин ысытуудан алынат: CH2(OH)CH(OH)‒ ‒CH2OH + (COOH)2→CH2=CH‒CH2 OH+2H2O+2CO2. А. с. глицерин, синтездик чайыр ж-а пластмасса алууда колдонулат.