АЛЛЕРГОЛОГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:21, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЛЕРГОЛОГИЯ ‒ медицинанын аллергия ооруларынын пайда болуу себебин, өөрчүү механизмин, клиникалык белгилерин изилдөөчү жана анын алдын алуу методдорун иштеп чыгуучу бөлүгү. Аллергология иммунология менен тыгыз байланышта. 20-кылымдын 1-жарымында бүт дүйнөдө аллергия ооруларынын өсүшүнө байланыштуу аллергология өз алдынча илим катары бөлүнүп чыкты.