АЛЛЕМАНДА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:03, 18 Июль (Теке) 2025 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү


АЛЛЕМАНДА (французча allemande ‒ немецтик) ‒ эски бий. Жай темпте. Алгач Германияда пайда болгондуктан, аны француздар аллемандардыкы (немецтердики) деп аташкан. XVI кылымдын ортосунда Англия, Нидерландияда кеӊири тараган. XVII‒XVIII кылымдарда Францияда клавесин, лютня, оркестр үчүн жазылган сюитанын эӊ негизги жай бөлүмү аллеманда аталган.