АЛКИЛСУЛЬФАТТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:20, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛКИЛСУЛЬФАТТАР ‒ алкилкүкүрт кислотасынын техникалык аталышы. Жалпы формуласы: R2OSO3M., мында R‒биринчилик же экинчилик радикал, M‒Na, NH3 ж. б. Сууда эригенде алкилсульфаттар коллоиддик эритмени пайда кылат. Алар анча уулуу эмес, эӊ жакшы кир кетиргич заттар, жегич эритмеге, кислотага, шор суунун таасирине туруктуу. Полимерлешүү реакцияларында эмульгатор, полимерлердин антиоксиданттары катары жибекти жумшартууда колдонулат.