АЛКАКТУУЛУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:31, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
ө с ү м д ү к т ө р д ү н ‒ климат, топурак ж-а жер бетинин өзгөчөлүгүнө жараша тоо этегинен чокусуна чейин өзгөрүп жайгашкан өсүмдүк жамаатынын тилкелери. Өсүмдүктөрдүн түрлөрү тоолуу жерлерде А. б-ча жайгашат. Түздүктөн тоонун чокусун көздөй жогорулаган сайын жылуулук азайып, суук боло баштайт. Кырг-н аймагы мелүүн ж-а субтропик алкактарынын чөл зоналарында жайгашып, анын өсүмдүктөрү бийиктик алкактуулук б-ча өзгөрөт.