АЛКАК УБАКЫТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:20, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛКАК УБАКЫТЫ ‒ жер бетин меридиандар боюнча 24 алкакка бөлүү аркылуу (15° узундук боюнча) аныкталуучу күн убактысы. Эсептөө батыштан чыгышты карай нөл алкагы ‒ Гринвич меридианынан башталат. Бир алкактын ичинде жаткан бардык жердеги убакыт бирдей деп алынат. Ал коӊшулаш жаткан алкактардан 1 саатка айырмаланат. Айрым алкактардын өз аттары болот; мисалы, нөл алкагы ‒ батыш европалык (дүйнөлүк), 1-алкак ‒ ортоңку европалык, 2-алкак ‒ чыгыш европалык алкак убакыты деп аталат. Алкак убакыты алгачкы жолу 1883-жылы АКШда кабыл алынган. Кыргызстандын аймагы 5-алкакта жайгашкандыктан бүткүл дүйнөлүк убакыттан (Лондон шаарынан 5, Москва шаарынан 3 саатка) айырмасы болот; Лондондо, Москвада саат 6 болгондо Бишкекте саат жебеси 11ди жана 9ду көрсөтөт.

Файл:АЛКАК УБАКЫТЫ79.png