АЛИШЕРОВ Автандил Шерматович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:55, 1 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЛИШЕРОВ Автандил Шерматович (1955-ж. т., Ош обл., Өзгөн р-ну, Мырза-Аке айылы) ‒ врач-фтизиатор, медицина илимд. доктору (1996), проф. (2000). КММИни (1979), СССР Саламаттык сактоо министрлигинин Туберкулез ИИИ борборунун аспирантурасын бүтүргөн (1986, Москва). КТИИде хирург, улук ил. кызматкер, башкы врачтын орун басары, Респ. балдар туберкулёз ооруканасында (РБТО) башкы врач, КРдин Саламаттык сактоо министрлигинде кадрлар ж-а окуу жайлар башкармалыгынын жетекчиси. 1991-жылдан УФБда директор. Эмг.: Туберкулёз легких различных горных высот. Б., 1996; Бактериологическая диагностика туберкулеза . Б., 1998; Вакцинация БЦЖ (в соавторстве ). Б., 2000.