АЛИМОВ Сали

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:15, 20 Март (Жалган куран) 2024 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛИМОВ Сали (1900, Ош облусу, Сузак району, Жар-Кыштак айылы ‒ 1992, ошол эле жерде) ‒ колхоз өндүрүшүн уюштуруучу, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957). Кыргыз ССРинин дыйканчылыкка эмгек сиӊирген устаты (1945). Эмгек жолун 1930-жылы Ош облусунун Сузак районундагы Киров атындагы колхоздо катардагы колхозчудан баштап, кийин звено башчысы, 1945-жылдан ошол эле колхоздун башкармасынын төрагасы болуп иштеген. Ал жетектеген колхоз пахта өстүрүү боюнча мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен. 1955-жылы 935 га жер

Файл:АЛИМОВ75.png

деги пахтанын ар гектарынан 30,97 ц түшүм жыйналган. Коомдук малдын саны көбөйүп, кунардуулугу жогорулаган. 1950‒54-жылдары СССР Жогорку Советинин, 1938‒51-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Эки Ленин ж. б. ордендер жана медалдар менен сыйланган.