АЛИМБАЕВ Пахридин

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:56, 19 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛИМБАЕВ Пахридин (1892-жылы туулган, Ош облусу, Ноокат району, Ак-Булак кыштак ‒ 1983, ошол эле район, Караван кыштагы) ‒ тамеки өстүрүүчү, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1950). Эмгек жолун 1931-жылы катардагы колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1946-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы «Кызыл-Кыя» совхозунда тамеки өстүрүүчү бригадада иштеп, кийин звеного жетекчилик кылган. 1949-жылы ал башкарган звено 3,4 га тамекинин ар гектарынан 18,8 ц түшүм алган. 1951‒1955-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени менен сыйланган.

Файл:АЛИМБАЕВ73.png