АЛИМ ХАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:25, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

‒ 1800‒09-ж. Кокон хандыгын бийлеген хан. Өзбектин Миӊ династиясынын өкүлү, Нарбото бийдин уулу. А. х-дын энеси кыргыз болгондуктан, апасынын туугандары Момунбек менен Ырыскулбекти аскер башчы кылып дайындаган. Анын мезгилинде Кокон ээлигинин аймагы бир кыйла кеӊейип, хандык атала баштаган. Фергана аймагы толук каратылып, Ташкентти жана Чымкентти ээлеген. Кетмент өбө, Ош аймактарындагы кыргыздарды баш ийдирүү үчүн жасаган аракеттери ийгиликсиз аяктаган. Бийлик үчүн күрөштө козголоӊчулар тарабынан өлтүрүлгөн.