АЛИК СУРЬМА КЕНЧЕСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 3 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЛИК СУРЬМА КЕНЧЕСИ Ош обл-нун Алай р-нунда, Алик-Сөөк суусунун Терек суусуна куйган жеринен 1,5‒2 км жогору, деӊиз деӊг. 3740‒3930 м бийиктикте. 1984‒87-ж. геол. издөө иштери жүргүзүлгөн. Кенченин аймагында силур, девон ж-а карбондун карбонат-терриген катмарлары жайгашкан. Жаракалар м-н кесилген плита сыяктуу бири-бирине жакын эки акиташ олистомиттери кенташты камтып турат. Сурьма кенташы жаспероиддер  м-н байланышып, уз. 115 мге чейин, калыӊдыгы 1‒1,5 м болгон тарам түрүндөгү эки кенташ (руда) тулкусун түзөт. Сурьманын орт. өлчөмү 7,72%. Кенташтын болжолдуу ресурсу 86,1 миӊ т, сурьманыкы ‒ 6600 т.